Таиланд чет өлкөдө жашап жана иштеп жүрүп, бирок COVID-19 пандемиясына каршы чектөөчү чаралар киргизилген учурда өлкөдөн сырткары жактарда калып калышкандар менен бирге бардык чет элдик жарандар үчүн азырынча чек арасын ачпайт. Бул тууралуу Таиланд ИИМдин расмий өкүлү Натахану Нопхакун билдирген.

«Таиланд элинин атынан биз COVID-19 пандемиясы аяктагандан кийин өлкөбүздү көргүсү келген бардык чет элдиктерди кучак жайып тосуп алабыз. Бирок, андай күн качан болорун, чектөөчү чаралар качан алынаарын мен азырынча так билбейм. Бардыгы Таиланддагы эпидемиологиялык кырдаалдын өнүгүүсүнө көз каранды»-деген ал өз сөзүндө. 

Ошондой эле, Натахану Нопхакун Таиландда жашап жана иштеп жүрүшүп, үй-бүлө күтүшкөн, бирок чектөөлөр учурунда башка өлкөдө болгондуктан азыр үй-бүлөсүнө кайтып келе албай жаткан жарандардын көп экендигине капа болуп жаткандыгын белгилеп өткөн.