АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмун (ДССУ) каржылоо иштерин кайрадан жандандыруусу мүмкүн, бирок ал Кытай каржылай турган көлөмдө болот дейт  Fox News телеканалы ДССУ башкы директору Тедрос Адхам Гебрейесуска келип түшкөн катка шилтеме берүү менен.

Эске сала кетсек, Трамп апрель айында ДССУну каржылоону убактылуу токтото тургандыгын билдирген. Буга Трамптын администрациясы тарабынан  коюлган ДССУ  COVID-19 вирусуна толук жоопкерчилик жасаган эмес деген кинеси себеп болгон.  Ушуга улай эле АКШ мамкатчысы Майк Помпео мындан ары ДССУ Вашингтондон каржы маселеси боюнча үмүтүн үзүп коёо берсе болорун баса белгилеген.

Аталган катта АКШ администрациясы ДССУнун ишинде бир катар кемчиликтер бар экендиги, бирок ошого карабастан уюмдун келечеги бар экендиги жана Кытай кайсы көлөмдө каржы бөлсө, АКШ дагы дал ошондой суммадагы каржы бөлөрү тууралуу кеп болгон.