Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-майда, Энелер күнүн утурлай, өлкөнүн көп балалуу энелери менен жолугушту.

Жолугушууга Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну Альфия Закирова, Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургуну Дилбар Пардабаева, Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну Юлия Алексеева, Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну Динара Султанмуратова, Бишкек шаарынын тургуну Маматали кызы Гүлбарчын катышты.
Президент Сооронбай Жээнбеков аларга «Баатыр эне» орденин тапшырды.


“Энелер – үй-бүлөнүн ынтымагын ширелткен уюткусу, коломтонун ээси, жалпы мекенибиздин куту. Ар бир бала — эненин мээрими аркылуу өз элин, жерин, мамлекетин сүйөт. Мекенге болгон атуулдук сезим – энеге болгон сүйүүдөн башталат. Өлкөбүздөгү ар бир бала эне мээримине бөлөнүп чоңойсун деп тилек кылам. Ошондо коомубуз адилеттүү, мамлекетибиз күчтүү, эли-журтубуздун келечеги ишенимдүү колдо болот”, — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Ар бир баланын эне камкордугу астында өсүшү элдин бакубат келечегине өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.
“Көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон балдардын өз ара мамилелери, бири-бирине болгон бир туугандык сезимдери бекем болот. Турмуш тастыктагандай, көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан балдардын Мекенге, өз эл-жерине болгон сезимдери өзгөчө болот”, — деп эсептейт Мамлекет башчысы.


Президент Сооронбай Жээнбеков көп балалуу энелерге кубаныч, жарык маанай, балдарынын ийгиликтери менен жетишкендиктерин, ошондой эле бекем ден соолук, бакубатчылык жана бактылуу жашоону каалады.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, өлкөдөгү 1014 энеге «Баатыр эне» наамы, ал эми 519 энеге «Эне даңкы» наамдары ыйгарылды.
Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет.