Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагынын башчысы Ильяс Рысдавлетов кылымдан ашык жашаган Эгемова Ажар энеге 150 000 сомдук сертификат тапшырды. Бул тууралуу Жалал-Абад медиаборборунун Ала-Бука районундагы кабарчысы Майрам Сапаркул кызы билдирди.

“Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата айылдык Кеңештин депутаттары менен кеңешип, 80 жаштан өткөн 30 аксакалга бир каптан ун, беш литрден май тараттык. Ошондой эле 106 жашка чыккан энебизге 150 мин сомдук сертификат тапшырдык. Бул да болсо биздин улуу муун алдындагы бирден бир парзыбыз болчу”,-деди Ильяс Рысдавлетов.

Эскерте кетсек, бир кылымдан ашык жашаган Ажар эне 1914- жылы төрөлгөн. Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында тылда эмгектенген. Ал эми Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан согуш ардагери бул айылда учурда калган эмес.