Урматтуу мекендештер!
Ардактуу энелер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан улук майрам — Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Энелер күнүн майрамдоо – бул биздин апаларыбызга адал мээнет, ак сүтү, алардын сүйүүсү жана камкордугу үчүн чексиз ыраазылыгыбызды билдирүүнүн эң сонун мүмкүнчүлүгү.
Эне – Жараткандын адамзатка берген эң мыкты тартуусу. Ал биздин тизе бүгүп, башыбызды ийип, таазим этүүбүзгө татыктуу. Бекер жеринен исламда “Бейиш эненин таманы алдында” деп айтылбаган.
Бейиштин эшиги энелерди урматтап, сыйлагандардын бардыгы үчүн ачык. Алар маңдайыбызда турганда кадырлап-барктаганды үйрөнөлү, чын жүрөктөн чыккан жакшы сөздөрүбүздү аябайлы.

Урматтуу энелер!

Сиздер биздин өмүрүбүздүн шам чырагысыңар. Биз силерге койнубуз кубанычка толгон жакшы күндөрү да, кыйынчылык учурларда да кайрылабыз. Канчалык чоң жана өз алдынча болбойлу, баары бир сиздердин акылман кеңешиңиздерге, камкордугуңуздарга жана сүйүүңүздөргө муктажбыз.
Күндүзү тыным, түнкүсүн уйкусун билбеген ак эмгегиңиздер, чыдамкайлыгыңыздар, бардыгын кечире билген айкөлдүгүңүздөр үчүн башыбызды ийип таазим этебиз!

Балдарыңыздар ден-соолукта жана бактылуу болуп, алардын камкордугу жана көңүлү ар дайым сиздерди курчап турсун! Майрамыңыздар кут болсун!

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
Төрагасы Дастанбек Жумабеков