Бийликке сунушталган журналисттерди колдоо боюнча антикризистик план жакынкы күндөрү Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен чогуу талкууланат.

Мындай маалыматты “Азаттык” радиосуна Көз карандысыз журналисттер биримдигинин төрагасы Азамат Касыбеков билдирди.

Анын айтуусунда, журналисттердин ишмердүүлүгүндөгү салык боюнча сунуштар, экономикалык жана уюштуруу чаралары камтылган план президентке, өкмөткө жана парламентке 5-майда жиберилген.

Көз карандысыз журналисттердин биримдиги коронавирус пандемиясынан улам түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында өкмөттү маалымат каражаттарына жардам берүүгө үндөөдө. Анын ичинде салыктан жеңилдиктер, гезиттердин басылып, таратылышына көмөктөшүү сыяктуу сунуштар бар.

«Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыяланары менен эле маалымат каражаттарынын иштөөсүнө уруксат берилген жок. Кайра-кайра суранып, талап кылып жүрүп, айрым редакциялардын бирден-экиден кабарчысына уруксат алууга жетиштик. Ошого карабай биздин маалымат каражаттары чыныгы абалды чагылдырып жатышты. Мына ушунун натыйжасында өлкөдө коронавирус көп таркабай, алдын-алууга мүмкүн болду. Азыр деле оор кырдаалда мамлекет колдобосо, көпчүлүк маалымат каражаттары ишин токтотууга аргасыз болот да, алардын ордуна фейк- маалыматтар, акчага иштеген троллдор көбөйөт», -деди Касыбеков.

Коронавирус пандемиясынан улам жаралган оор шартта маалымат каражаттарын колдоо пландары Орусия, Казакстан, Литва, Канада, Бельгия жана Италияда да кабыл алынып, ишке ашырылып жатат.

иримдиктин антикризистик планы, аны ишке ашыруу маселесине өкмөт кандай жооп кылары тууралуу 14-май күнү Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко жана «Республика — Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев вице-премьер-министр Эркин Асрандиевден сурашкан. Асрандиев сунуш каралып жатканын билдирген.

Көз карандысыз журналисттер биримдигинин маалыматына караганда, коронавируска каршы чектөөлөрдөн улам Кыргызстанда редакциялардын 70% экономикалык кыйынчылыктарга туш болууда. Жарнамадан түшүп турчу киреше токтоп, өндүрүш кыскарды жана пландалган жаңы долбоорлор ишке ашпай турат. Кээ бир редакцияларда кызматкерлер иштен бошотулуп, маяна кыскарды.

(ZKo)

Булак: Азаттык радиосу