Ийгиликтерди багындырып, элге таанылган кыргызстандыктардын энелери Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан Энелер күнүнө карата куттуктоо, эстеликке белек алышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Төмөндө Мамлекет башчысы куттуктаган энелер:

— Бишкек шаарынын тургуну Гүлнар Абдраева — эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинки спортчулардын арасында дүйнө чемпиону Улукбек Жолдошбековдун энеси;

— Бишкек шаарынын тургуну Гүлзада Ботобекова — 2019-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн табигый-математикалык циклдагы предметтери боюнча эл аралык олимпиадада күмүш медалынын ээси Нурислам Шерипбаевдин энеси;

— Бишкек шаарынын тургуну Ольга Прыткова — 22-марттан баштап коронавирус инфекциясы менен күрөштүн алдыңкы сабында жүргөн, жумушка өзүн толугу менен арнаган, эмдигичекти туугандары менен жакындарын көрө элек, Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын инфекционист-врачы Наталья Прыткованын энеси;

— Бишек шаарынын тургуну Шохидахон Токтосунова — Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин окуучусу, 2020-жылдын февраль айында Кыргызстан Россия эриш аркак жылынын ачылышында ксилофондо ойноп чоң чеберчилик менен талантын көрсөткөн Мырзайым Токтосунованын энеси;

— Талас облусунун Манас районунун тургуну Сабира Туткучева — төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Аалы Туткучевдин энеси;

— Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну Гулай Акчекеева — ички иштер органдарынын мурунку кызматкери, 2010-жылдагы Апрель окуяларында жараат алып, анын кесепетинен эки бутунан ажыраган Алмазбек Акчекеевдин энеси;

— Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Саадат Исакова — манасчы Рысбай Исаковдун энеси;

— Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну Лолохон Муминова — 2019-жылда Баткен облусунун Лейлек районунда болгон чек ара окуясынын натыйжасында курман болгон Равшан Муминовдун энеси.

Эмгеги жана таланты менен мекендештеринен өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктардын энелерине Президенттин Аппаратынын кызматкерлери жана Талас, Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарынын жетекчилери куттуктоолорун жана белектерин тапшырышты.

Эске салсак, Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембесинде Энелер күнү белгиленип келет.