Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикадагы жалпы аялзатын Энелер күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев республикадагы жалпы аялзатын Энелер күнү менен куттуктады.

Төмөндө Өкмөт башчынын куттуктоосун келтиребиз:

Кымбаттуу апалар жана эжелер!

Сиздерди Энелер күнү аталган жаркын майрамыңыздар менен чын ниетимден куттуктайм!
Энелер күнү – бул өзгөчө толкунданууну жараткан майрам, анткени, биз ушул күнү дагы бир ирет апалардын алдында таазим этип, өзүбүздүн ыраазычылыгыбызды билдире алабыз. Бүткүл дүйнөдө ападан кымбат жана жакын адам жок. Апалардын мээриминен артык сезим табылбайт! Апаларыбыз бизге өмүр берип, түн уйкудан калып, ден-соолугубуз үчүн кам көргөн. Апалардын камкордугуна жараша мектепти бүтүрүп, жетилип, инсан катары калыптандык. Көбүбүз өзүбүз ата-эне болдук. Бирок кандай болбосун, энелер үчүн биз ар дайым бала бойдон калабыз!

Урматтуу энелер!

Ушул майрам күнү сиздерге чың ден-соолук, бакубат өмүр жана дөөлөттүү карылыкты каалап кетем! Дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүп, уул-кыздардын жана неберелердин урмат-сыйына бөлөнүңүздөр! Ар-бир үйдө тынчтык, ынтымак жана бакубат жашоо орун алсын!