Москвадан 161 кыргызстандык Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык,«Манас» эл аралык аэропорту 16-майда «Тез Жет» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамын тосуп алды.
«Кыргызстандын 161 жараны мекенине кайтты», – деп айтылат маалыматта.