Интернетте Бишкектин кайгуул милициясы автоунаасы менен мотоциклчен адамдын артынан үйүнө чейин барып, ошол маалда короодон эки ит чыга калып аларды кууган видео тарады.

Видеороликтин алгачкы бөлүгү иттер милиционерлерди кууп бара жаткан жеринен бүтөт. Андан соң интернетте популярдуу болуп кеткен табыт көтөргөн ганналык бийчилердин видеосу уланат. Бул кадрлар Кыргызстанда гана эмес, россиялык Telegram-тайпаларда дагы тарады.

Колдонуучуларда милиционерлерди ит тиштеген жокпу деген суроо туулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 11-май күнү саат 20:15те болгон. Белгилеген аймакта нөөмөттө турган милиция кызматкерлери карантин учурунда көчөдө жүргөн мотоциклчендин документин текшерүү үчүн артынан барышкан. Бирок ал кирип кеткен короонун эшиги ачык калып, иттер чуркап чыккан.

Анда көрүнүп тургандай, инспекторлор чындап эле автоунаасына барып отурат. Иттер ээси чакырып калгандыктанбы, айтор, милицияга жулунбайт.

Инспекторлор анын документин текшерип жатканда, милиция формасын кийген дагы бир киши жеке автоунаасы менен келип калат.

Үй ээси инспекторлор менен болгон сүйлөшүүсүн жаздыруу үчүн камераны алганы үйгө кирет. Милиционерлер башка чакырууга шашып жатканын айтып, кызматтык автоунааны айдап кетип калышат. Ал эми менчик автокөлүк менен келген айдоочу ошол жерде калат.

Булак: Спутник сайты