Өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал киргизилген учурда Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун коменданты болуп дайындалган Ош ОИИБнын башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдиновду төрүбүзгө чакырып, карантин мезгилинде аткарылган иштер тууралуу аңгемелештик.

 -Малик Абсаматович, Таажы илдетине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү ордолуу Оштун эли кандай кабыл алды?

 -Чындыгында башында эл бул коркунучту анчейин олуттуу кабыл алган жок. Алгач Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коронавирус менен ооруган жаран белгилүү болгондон баштап, биз Ош облусунун аймагында Умрага ажылыкка барышкан жарандарды түнү менен тактап, обсервацияга киргизе баштадык. 2020-жылдын 18-мартынан баштап эле Ош облусунун аймагында мал базарларды карантинге жаап салган болчубуз. Андан кийин соода базарларын карантинге жаптык. Ошондой иш чараларды жүргүзүп жатканда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Окуу жайлар, мектептер жабылды. Бир жума өтпөстөн, 2020-жылдын 25-мартында мамлекет башчыбыздын Жарлыгы менен өзгөчө абал жарыяланды. Биз өзгөчө абалга чейин эле мал базарларды, соода-сатык базарларын карантинге жаап, элдин көбүн үйлөрүнө киргизип койгонубуз жакшы болгон экен. Өзгөчө абал кирген учурда бир топ жеңил болду.

— Өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал киргизилген аймактарда комендатура тарабынан кандай иштер аткарылды?

— Өзгөчө абал кирген күндөн баштап комендантуранын алдында эл менен тыгыз байланышты жолго коюу үчүн Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын, УКМКнын, Чек ара кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Куралдуу күчтөрдүн, Ош ОИИБнын, ШИИБнын өкүлдөрүнөн турган ыкчам штаб түзүп, тынымсыз байланыш телефондорду коюп бердик. Ошол эле учурда бирдиктүү маалымат саясатын жолго коюу жана коомчулукка так, ыкчам маалыматтарды жеткирүү максатында маалымат борборун түздүк. Ыкчам штаб менен маалымат борборуна 24 саат бою тынымсыз 300-400 жаран кайрылып жатты. 2020-жылдын 25-мартынан 10-майына чейинки мезгилде 10 миңден ашуун жарандан суроо-талаптар, сунуш-пикирлер келип түштү. Ошол суроо талаптар жана сунуштардын негизинде комендатура тарабынан иш мерчем түзүлүп мамлекеттик органдар максаттуу иш жүргүзө баштады. Бул аралыкта жардамга муктаж болгон Ош шаары жана Ош облусу боюнча 90 миңден ашуун жарандарга гуманитардык жардамдар көрсөтүлдү. Аны менен бирге шашылыш жана кооптуу жагдайлар үчүн атайын коргоочу кийимдер менен 2 ыкчам топ түзүлүп, жарандарга жакындан жардам көрсөтүү боюнча иш алып барышты. Мамлекетибиздин башкы тапшырмасы болгон калктын ден соолугун сактоо, жер-жерлерде өзгөчө абалдын режимдерин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондук мамлекеттик администрациялар, Ош шаардык мэриясы ар тараптуу шарттарды түзүп, Ош ШИИБнын, ОИИБнын, бардык райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, ЖКККнын, ИИМдин АБПнын, Генералдык штабдын кургактагы аскерлеринин 02626 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы, Ички коопсуздук аскер кызматынын 703 аскер бөлүгүнүн кызматкерлери, ӨКМдин жана медицина кызматынын кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөштү. Учурдан пайдаланып аларга кызматы үчүн ыраазычылык билдиремин.

-Covid-19 илдетине чалдыкканын жашырган, үй карантининин шартын бузган учурлар тууралуу айтсаңыз. Аларга кандай чаралар көрүлдү?

-Тилекке каршы, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу, Ош шаарынын аймактарында оорусун жашырып башка жарандарга жугузган 3 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, тергөө жүрүп жатат.. Коменданттык саат учурунда коронавирус илдетине байланышкан 37 жазык иши жана 18 жорук жөнүндөгү иши КЖБРге катталып, тергөө кызматына өткөрүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Ыкчам жолдор менен коронавирус илдети тастыкталган жана шектелген контакттарды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иш чаралардын натыйжасында бардыгы болуп 609 аныкталып, ПЦР анализдери алынып, алардын ичинен 4 адамдан коронавирус илдети аныкталган.

Карантин учурунда Сиз үчүн кайсыл маселе оорчулук жаратты?

 -Мен үчүн ооруну жашыргандар, айрыкча чет өлкөдөн ооруну жугузуп келишип, анан аны жакындарына жугузуп, өлүм менен коштолгон учурлар, анан да ошол оорулуу каза болгондо аны көмүүгө барган адамдардын агымы оор маселе жаратты.

-1-майдан тарта айрым ишканалар өз ишин улантпадыбы. Бул күнү кырдаалда тартипти камсыздоо кандай болду?

-Туура айтасыз, 2020-жыдын 1-майынан тартып Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагынан өзгөчө абал режими алынып, өзгөчө кырдаал режимине өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу көчөдө кыймыл көбөйүп кетти. Кыймылды азайтуу максатында постторду кайрадан күчөтүүгө мажбур болдук. Ошол эле учурда жер-жерлерде уруксатсыз көпчүлүк ишканалар өз ишин баштап алышты. Курамында жергиликтүү бийликтин, санэпидстанциянын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ИИОнун өкүлдөрүнөн түзүлгөн атайын комиссиялар ишканалардын ишмердүүлүгү санитардык-карантиндик ченемдерге туура келеби же жокпу, ушул багытта текшерүүнү колго алышты.

 -Карантин учурунда сиз тейлеген аймакта үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча кандай учурлар катталды? Алдын алууда кандай чаралар көрүлдү?

-Биз тейлеген аймакта өткөн жылдарга салыштырмалуу үй-бүлөлүк зордук-зомбулук 12 учурга аз катталды. Канчалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы менен, тилекке каршы Алай районунда 16 жаштагы кыз апасын өлтүрүп алганы, 1 мектеп окуучусу өзүн-өзү асып алганы өкүнүчтүү окуя болду. Бул багытта үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, болтурбоо боюнча тынымсыз иш чаралар өткөрүлүп турат.

-Өзгөчө абал киргизилген учур кылмыштуулукка кандай таасир этти?

-Өлкө аймагына өзгөчө абал режими киргизилген соң, чынында кылмыштуулук бир топко кыскарды. Муну карантин жана орозо учуру менен байланыштырсак да болот. Катталган кылмыштардын дээрлик көпчүлүгү майда бейбаштыктар. Цифраларга таянсак, 2018-жылы ушул мезгил аралыгында 1095 кылмыш жана окуя катталган. Ал эми 2019-жылы 1024 кылмыш жана жорук катталса, 2020-жылы 616 кылмыш жана жорук катталды.

Кырдаалдын оор экенине карабай шаарда коменданттык саат учурунда кабат үйлөрдүн алдында эс алуу уюштурган жарандарга кандай чара көрдүңүз? Мындай фактылар бул мезгил аралыгында дагы орун алдыбы?

-Ушундай оор кырдаалда баарын түшүнүү менен кабыл алып, бизге көмөкчү болгон жарандардын бар экени кубандырат. Ошондой активдүү жарандарыбыздын бири, “Ош шаарынын Курманжан-Датка кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда шишкебек бышырып, пикник уюштуруп жатат” деген билдирүүнү биздин маалымат борборуна жиберген. Маалымат түшөөрү менен биз, атайын топту текшерүү үчүн жибергенде, чынында эле карантиндик нормаларды сактабай, көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда эс алуу уюштуруп жаткан атуулдарыбыз кезикти. Биз аларга жорук кодексинин негизинде санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабагандыгы үчүн чара көрүп, айып пул салынды.

-Карантинде отуруп адам укугун, эркиндигин баалай баштабадыкпы.

-Биз бүгүн жаңыча жашоого үйрөнүшүбүзгө туура келип жатат десем болот. Калкыбыз кыйналган кезде жардам берип, кол сунган атуулдарыбыз бар экендиги кубандырды. Адамдар бири-бирине боорукердик менен мамиле кылуусун байкадым.Бул сыноо элибизди эмгекке жана өзүбүздүн ички мүмкүнчүлүк менен оор кырдаалдан чыгуу жолун үйрөттү. Мисалы, мурда медициналык бет каптарды сырттан алып келген болсок, азыр өзүбүз тиге баштадык. Антисептик каражаттарды жергиликтүү ишканалар чыгара баштады. Элибиз болуп жаткан окуядан, албетте, терең сабак алды деп ойлойм.

Брифинг учурунда эмнелерге көңүл бурууга аракеттенесиз?

 -Брифинг учурунда жарандар тарабынан ар кандай маселени камтыган кайрылуулар болуп жатты. Кээ бир сөздөрдү адам жүрөгүнө жеткирип сөз менен жеткирүү кыйын эмеспи. Брифинг учурунда бул илдет канчалык кооптуу экенин жана канчалык буга олуттуу мамиле кылуу керек экендигин элдин жүрөгүнө жеткире айта алсам деген ой болду.

-Сиз өзүңүз бул мезгил аралыгындагы кырдаалдан кандай сабак алдыңыз?

-Башталган күндөн тартып эле жеке мойнума өтө жоопкерчиликтүү жумуш жүктөлдү. Элибиздин эртеңкиси эмне болот деген ой санаага салды. Бул илдеттин массалык түрдө жайылып кетүүсүнөн чочулап, жол бербөөгө аракет кылдык. Мындай пандемиялык абалга алгачкы ирет кабылгандыктан, алгачкы күндөрү коргонуучу каражаттар жетишсиз болуп, өздүк курамдын саламаттыгы тобекелчиликте туруп калды. Жетекчи катары ар бир кызматкердин саламаттыгы мени тынчсыздантты. Кудай жалгап, бул күндөр артта калып кетти. Бул сыноолор бизди пандемия учурунда биринчи кезекте эмнелерге көңүл буруш керектигин үйрөттү.

-Карантинден кийинки элдин жашоосу кандай болот деп элестетесиз?

-Коргонуучу каражаттарды колдонууну адатка айлантыш керек. Өлкөбүздүн аймагында бул илдеттин белгиси толук жок болмоюнча өзүбүзгө сак болушубуз керек. Тойлоп көнүп калган элибиз тойлорду, жолугушууларды азайтыш керек болот. Мурдагыдай сайрандап саякаттоо азаят. Андыктан ушул кезге чейинки Сиздер менен жасаган эмгектерибизди текке кетирбей, өзүңүздүн жана жакындарыңыздардын саламаттыгы үчүн санитардык эрежелерди так сактаңыздар деймин.

-Рахмат, максаттуу ишиңизди ийгилик жылоолосун!

Маектешкен Ырысбүбү Сагымбаева