Россия менен Кыргызстандын ортосунда «Россия Федерациясынын Куралуу күчтөрүнүн ички корунун эсебинен Кыргызстанга «Бук-М1» ЗРК жана Ми-8 тик учактарын алып келүү тууралуу»  сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Стратегиялык жана технологиялык анализ борбору билдирген (СТАБ).

СТАБдын баяндамасында «Бук-М1» зениттик-ракеталык комплексинин  эки дивизионду жана кошумча Ми-8 тик учактарын өткөрүп берүү тууралуу талкуу болуп жаткандыгы, ушундан  улам жакынкы мезгилдерде Россия Кыргызстанга бүтүндөй  аскердик-техникалык арсеналдарды алып келүүсү мүмкүн экендиги туралуу божомолдор айтылат.  

Белгилей кетчү нерсе, басмага берүү үчүн даярдалып жаткан  «Союздаштар» деп аталган баяндамада  Россиянын ОДКБ боюнча өнөктөштөрүнүн аскердик  кубаты, ошондой эле Москванын бул өлкөлөр менен болгон аскердик-техникалык кызматташтыгы боюнча иликтөөлөр жарыяланмакчы.