Федералдык жана жергиликтүү бийликтерден,  ММК жана башка булактардан алынган маалыматтарды топтоочу америкалык Жон Хопкинс университетинин 2020-жылдын 17-майына карата берген  маалыматы боюнча дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрү менен жабыркагандардын саны 4,7 миллиондон ашты.

Алынган маалыматка ылайык дүйнө жүзү боюнча COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 4 702 603 адамды түздү, анын ичинен 1,7 млн. адам бул оорудан сакайып кеткен болсо, 314 476 адам бул дүйнө менен кош айтышкан.

Эске сала кетсек, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму 11-март күнү COVID-19 коронавирустук инфекциясынын күч алуусуна байланыштуу дүйнө жүзү боюнча  пандемия жарыялаган.