Америкалык Sorrento Therapeutics  биофармацевттик компаниясынын окумуштуулары коронавирустук 100 пайыз блокадалоочу антитело тапкандыктарын жарыялашты. Бул тууралуу Fox News басылмасы билдирет.

Маалымат булагы боюнча окумуштуулар миллиарддаган антителаларды  анализдеп чыгышып, арасынан коронавируска каршы таасир этүүгө жөндөмдүү жүздөгөн антителаларды табышкан. Мына ушундан соң окумуштуулар ондогон антелаларды бөлүп алышкан жана мындан аркы жүргүзүлгөн изилдөөлөр алардын ичинен бири, тагыраак айтканда STI-1499 антителасы адам организминдеги клеткаларды коронавирус жуктуруп алуудан 100 пайыз коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин көрсөткөн.

Белгилей кетчү нерсе, аталган антитела вирусту курчоого алып, кыйратуу менен төрт  күндүн ичинде организмден кууп чыгат. Сыноо иштери бүгүнкү күнгө чейин тек гана лабораториялык шарттарда өткөндүктөн жогоруда аты аталган компаниянын негиздөөчүсү Генри Джи дары каражатын чыгарып баштоого азырынча уруксат ала электигин билдирген.