Апрель айына салыштырмалуу май айында ведомстволук квалификациялар боюнча бюджеттин чыгашаларын 1 млрд 491 млн 880 миң сомго кыскартуу пландаштырылууда. Бирок мындай кыскартуулар ЖК чыгашаларын кыйгап өтөт.

Май айына карата республикалык бюджетти кассалык пландоонун чектик суммаларына ылайык Жогорку Кеңештин аппаратынын чыгашалары 37 млн 704.8 миң сомду түзөт. Дал ушул кыяздагы сумма апрель айы үчүн каралган.

Белгилей кетчү нерсе, такталган бюджетке ылайык Жогорку Кеңешти күтүүгө 694.8 млн сом же 9 млн. АКш доллары өлчөмүндөгү сумманы чыгымдоо каралууда. Бул 2020-жылга карата баштапкы белгиленген пландан 79.6 млн сомго аздык кылат.