Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, 2020-жылдын 25-мартында эртең мененки саат 8ден баштап өлкөнүн бир катар аймактарына өзгөчө абал киргизилген болчу. Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болуп ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков дайындалган.

-Жеңишбек мырза, Кыргыз эли эркиндикти сүйгөн эл эмеспи. Таажы илдетине байланыштуу чектөөлөр киргизилгенин эл кандай кабыл алды?

-Ооба, абдан жакшы суроо менен маегибизди баштадык, Кыргыз элибизден айланса болот, уюткулуу тарыхы бар, башынан көп кырдаалды өткөргөн эл эмеспи. Бул ирет да киргизилген чектөөлөрдү жана коюлган талаптарды туура түшүнүү менен кабыл алып, керек болсо биздин колубуз жетпеген көпчүлүк айылдарда самоизоляцияга өтүштү. Айылдардын кире беришиндеги  жолдорду жаап, күзөттөгү ыктыярчылар  бөлөк тургундарды киргизбей, дезинфекция иштерин жүргүзүшүп  жатышты.

-Милиция менен коомчулуктун алакасы кандай болду? Бул мезгил аралыгында милиция кызматкерлери тарабынан кандай иштер аткарылды?

— Биздин кызматкерлер менен коомчулук алгачкы күндөн тартып эле жакшы мамиледе болуп, абалга жараша бирин-бири түшүнүү менен кабыл алып, ынтымак ортосундагы алакада болдук десем жаңылышпаймын. Анткени, милиция тарабынан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, коомдук тартипти жана жеке гигиенаны сактоого чакыруу менен эл арасында түшүндүрүү  иштерин байма-бай жүргүзүп келдик. Ошону менен катар карантинге алынган аймактарда күзөт өтөп жана обсервациялык мекемелерди кайтарууга алып, түнкүсүн коменданттык сааттын эрежелерин бузган  атуулдар менен тиешелүү чараларды көрүү менен мыйзамдуу иштерди алып бардык. Натыйжада коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун натыйжалуу камсыздап, илдеттин алдын алууда мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, чоң ийгиликке  жетише алдык.  

-Дарыгерлер менен катар кыйын кырдаалда алдыңкы катарда жүргөн милиция кызматкерлерин вирустан коргоо боюнча кандай чаралар көрүлдү?

-Алдыңкы катарда жүргөн кызматкерлерге шарт түзүүдө комендатура тарабынан алгачкы күндөрү эле тиешелүү иштер жүргүзүлүп, күн сайын, ар бир  нускамалоо учурунда жеке гигиенаны сактап, атуулдар менен мамиле кылууда аралыкты сактоону, коргонуучу жана антисептикалык каражаттарды колдонуу ж.б. боюнча көрсөтмөлөр берилип жатты. Ооба, баштапкы күндөрү жетишсиздик байкалып жатты, бардык кызматкерди коргонуучу костюмдар менен бирдей камсыздоо кыйынга турду. Бирок  карантиндик аймакта кызмат өтөгөн кесиптештеримдин толук кандуу иштешине шарт түзүү биринчи максат болду. Аз өтпөй бул маселелер чечилип, илдеттен коргонуучу атайын костюм-күрмөлөр, антисептикалык каражаттар менен жетиштүү деңгээлде камсыздалышты. Анын жыйынтыгында милиция кызматкерлеринин арасынан бул илдетке чалдыккандар болгон жок деп баш көтөрүп айта аламын.

-Карантин учурунда өлкө аймагында балдар арасында суицид, үй-бүлөлүк зомбулуктар  көбөйгөнү маалым. Сиз тейлеген аймакта бул багытта кандай учурлар катталды?

-Ооба, бул негизинен мыйзам ченемдүү көрүнүш десек туура болчудай, себеби башка оор жана өзгөчө оор кылмыштар кескин азайып, үй-бүлөлүк зомбулуктар көбөйдү. Талдоо жүргүзсөк,  катталган 60  фактынын  52 учурунда күйөөсү аялы менен жаңжалдашкан болсо, калган окуялар кайын журт менен келиндин ортосунда болгон араздашуулар экен. Бул талдоону брифингде да баса белгилеп, түз эфирден жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасоо менен жалпы алдын алуу жүргүзгөн болсок,    милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү аркылуу жеринде жекече түшүндүрүү иштери аркылуу үй-бүлөлүк зомбулук, суициддин алдын алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.

-Комендатуранын алдында түзүлгөн кайрымдуулук штабынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берсеңиз?

-Өзгөчө абал киргенден тартып элге ишеним телефондорубуз жарыяланып, андан сырткары күн сайын түз эфир аркылуу брифингдерди уюштурууда эл менен тыгыз байланышта жумуш жүргүзүлүп жатты. Биз элден келген арыз муң, социалдык муктаждыктар боюнча кайрылууларды кабыл алып, ар бир кайрылган жарандын суроосун жоопсуз калтырган жокпуз.  Белгилей кетүүчү жагдай, көбүнесе жардам алгандар алдын ала социалдык коргоо бөлүмүндө тизмеде тургандар болуп, кээ бир учурда алар келген жардамдарды бир нече жолу кайталап алып жатышты. Ал эми каттоодо жок, башка район-шаарлардан келгендер, батирде тургандар, же болбосо каттоого турууга үлгүрө элек ж.б. жарандарыбызга колдоолор жетпегенин  көрдүк. Ушул көрүнүштөрдүн алдын алуу, чыныгы муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүктү жеткирүү жана колдоо көрсөтүп жаткан инсандарды, мекеме уюмдарды бир тутумга түшүрүү максатында, комендатуранын алдында “Бирге жеңебиз” кайрымдуулук штабы уюшулду. Аталган штабга  кайдыгер карабаган, кайрымдуу  жарандарыбыз кол сунушуп, демилгечи жаштардын жардамы менен жалпы  3500дөн ашуун үй-бүлөгө жардам бере алдык.

-Үй бетин көрбөй, күндүр-түндүр кызматта жүргөн милициялардын иштөөсүнө кандай шарттар түзүлдү?

-Бул багытта кызматкерлерибизге алгач жатакана маселеси чечилип, күн сайын 2 жолу ысык тамак жана жумушка барып келүү үчүн транспорт каражаттары уюштурулуп, айтор, тиешелүү деңгээлде шарттарды түзө алдык.

-1-майдан тарта айрым ишканалар ишин баштаганы маалым. Элдин көбү эшикке чыккан кырдаалды көзөмөлгө алуудагы аткарылган иштер кандай болду?

— Туура, өзгөчө абал Сузак районунан алынып, экономикалык багыттагы бир топ ишкана-мекемелердин  иштөөсүнө уруксат берилгенден кийин, шаар ичинде элдин жана транспорт каражаттарынын агымы көбөйдү. Бирок комендатуранын штабы кырдаалды жөнгө салуу максатында бирдиктүү чечимге келип, күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн күн сайын ШИИБге  100гө чукул атуулдарды алып келсек, ал эми 150дөн ашуун автоунааларды айып аянтчасына киргизип, айдоочулар менен алдын  алуу иштерин жүргүзүп келдик. Натыйжада тартип менен оорунун жайылып кетишинин алдын алууга жетише алдык десем туура болот.

-Карантин көп адамдын жашоого болгон көз карашын өзгөртпөдүбү. Сиз эл аралап жүрөсүз, элдин аң сезиминде кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү байкай алдыңызбы?

-Чынында бул нерсе бизге келген чоң сыноо болду. Албетте, өзгөчө абалдагы чектөөлөр көпчүлүктүн аң сезимине оң таасирин берди десем болот. Себеби, эл арасында “ар бир жөнөкөй күнүбүздү баалабай жүргөн экенбиз”, “үй-бүлөгө көнүл бурулбай калган экен” деген пикир жаралып, кайрымдуулук кылуу менен жарандар бири-бирибизге жакын болуп калдык. Айрыкча тазалык, жеке гигиенаны, санитардык ченемдерди сактоону үйрөнүп жакшы адатка айланта алдык.  

-Рахмат, ишиңизге ийгилик каалайбыз!

Маектешкен Ырысбүбү Сагымбаева