КЭР жетектөөчү эпидемиологу Чжун Наньшан чынында эле алгачкы күндөрү Ухань жергиликтүү бийлиги  коронавирус менен байланышкан илдеттин реалдуу масштабын жашырып келгендигин CNN телеканалына берген маегинде билдирген.

Оору чыккан жерди иликтөө үчүн жөнөтүлгөн эксперттердин тобун жетектөө менен Чжун 18-январь күнү Ухань шаарына барган. Шаарга келгенде ага бир нече дарыгер телефон чалган жана алардын бардыгы  кырдаал айтылып жаткандыгынан алда канча татаал экендиги тууралуу айтышкан.

Чжун чыны менен эле бийлик алгачкы күндөрү үн катпай келгендигин, ушундан улам оорунун кесепеттери алда канча кооптуу болору тууралуу ойлогондугун айтат.

 Белгилей кетсек, Ухань саламаттык сактоо органдары бир нече жума боюу вирус анчалык кооптуу эместиги жана адамдан-адамга жукпай тургандыгы тууралуу  айтып келгенден кийин, тагыраак айтканда 20-январь күнү дал ушул Чжун аттуу врач мамлекеттик CCTV телеканалы аркылуу коронавирус адамдан-адамга жугаары, абал өтө кооптуу экендигин айтып чыккан.