Казакстандын Нур-Султан шаарында санитардык талаптар аткарылбай, шаарда күчөтүлгөн карантин жарыяланышы мүмкүн деп жазышууда казак басылмалары. Учурда санитардык талаптарды аткарбаган айрым курулуш компаниялары, дүкөндөр, ресторан, кафелер (тамак-аш жеткирүү үчүн гана) жана башка ишканалар жабылды. Эрежелерди аткарбаган мекемелердин иши санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууну күчөткөндө гана кайра жанданат.

Нур-Султан шаарынын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Сауле Кисикова жарандар бул илдетке кайдыгер мамиле кылганын айтып. «Бет кап тагынып жүрүү режими бардык жерде сакталышы керек. Бирок жарандар кош көңүл мамиле кылышууда. Эгер кимдир-бирөөлөр санитардык талаптарды аткарбаса, шаарда кайрадан күчөтүлгөн карантин жарыяланат. Мурдагыдай жай турмушка кайтуу өзүбүздүн гана колубузда», — деген ал.

Белгилүү болгондой, Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны жалпы 6 миң 157ге жетти. Анын 3 миң 256сы сакайып, 34ү көз жумган.