Коронавирус менен күрөшүүдөгү иш-чараларды каржылоо үчүн жеке жана юридикалык жактардан өкмөттүн атайын эсебине канча каражат түшкөнү маалым болду.

Маалыматка ылайык, 17-майга карата Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 137 миллион 798 миң 143 сом келип түшкөн. Анын ичинен 79 миллион 817 миң 874 сому керектелген.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун депозиттик эсебинен 244 саламаттык сактоо уюмдарынын депозиттик эсебине 105,4 миллион сом каражат которулганы айтылган. Бул акча апрелде эпидемия очогунда иш алып барган медиктерге айлыгынан сырткары кошумча акы болуп төлөнөт.