18-майга карата дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 4 миллион 710 миң 683кө жетти. Анын ичинен 1 миллион 732 миң 384 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 315 миң 23 адам көз жумду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Маалыматка ылайык, дүйнөдө коронавирустун жайылуусу боюнча алдыңкы тизмекте турган АКШда 1 миллион 486 миң 423 адам катталды. Андан 272 миң 265 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 89 миң 550 адам оорудан каза болду.

Россияда 281 миң 752 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 67 миң 373 бейтап сакайып, 2 миң 631 адам дүйнө салды.

Улуу Британияда 244 миң 995 адам коронавирус илдетин жуктурган. Андан 1 миң 58 адам айыкса, каза болгондордун саны 34 миң 716га жетти.