Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 4 медкызматкер жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бейтапканалардан 8 медкызматкер сакайып чыкты.

«Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 255 учур катталды, алардын ичинен 212 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1216га жетти. Алардын ичинен 255и медицина кызматкери. Илдеттен 827 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.