Испанияда эки айда биринчи жолу каза болгондордун саны күнүнө 100дөн аз болду. 17-майда өлкөдө коронавирустан 87 адам көз жумган. Эпидемия башталгандан бери өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 27 650гө жетип, бир күндө 421 коронавирустун жаңы учурлары аныкталып турган.

Маалым болгондой, бүгүн Испаниянын жашоочулары үчүн бир катар чектөөлөр алынып салынат, бирок чектөөлөр ири шаарларда — Мадрид, Барселона, ошондой эле Кастилия жана Леон чөлкөмдөрүндө кала берет. Испанияда вирустун өтүшкөн мезгилинде күнүнө 950 бейтап каза болгон.

Ал эми Италияда 145 киши каза болгон. Аталган шаарда бүгүн кафе ресторан, сулуулук салондору иштеп баштаары кабарланган.