Мындай маалыматты «24 kg» маалымат сайтына «Ганси» авиа базасында обсервацияда жаткан айдоочулардын бири Александрдын жубайы Бурховецкого Мария билдирген:

«Сол-Илецсктен кайтып келгендердин баары COVID-19 дартына байланыштуу кайрадан анализдерин тапшырышты. Алардын арасынан алтоо өздөрүн жакшы сезгендиктен үйгө жөө кетебиз деп козголоң чыгарышууда. Дарыгерлер аргасыз милиция чакырышты. Жыйынтыгында аларды кайра обсеварцияга жаткырышты. Азыр абал туруктуу»-дейт ал.

Кошумчалай кетсек Россиянын Соль-Илецк аймагынан 541 кыргызстандык айдоочу алынып келинген. Алардын арасынан 55 айдоочудан коронавирус табылган.