АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөдө коронавирус инфекциясы басаңдап вирус жуктургандардын саны кескин кыскарганын айтты. Бул тууралуу ал Твиттер баракчасына жазды.

«Коронавирус илдети Америка Кошмо Штаттарында кескин түрдө төмөндөп жатат, айрым учурларды эске албаганда. Чындыгында эле, жакшы жаңылык! ” — деп жазат Трамп.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кошмо Штаттарда 1,4 миллион коронавирус жуккандыгы аныкталып, алардын ичинен 89 миңден ашуун бейтап каза болгон.