Кечээ, 17- майда Бишкек шаарында 61 бөбөк төрөлдү. Алардын 29у эркек балдар ал эми 32 си кыздар. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үч эм шаардагы №1 ооруканада төрөлгөн. » 47 жаштагы шаар тургуну Ж.Ганиева үч эм төрөгөн. Азыр ал 2,4 кг салмактагы бир баланын энеси жана 2,2 кг салмактагы эки кыздын апасы», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда эне жана балдардын абалы канааттандырарлык.