Негизи орозодо бирөөнү жамандаган күнөө деп коет эмеспи. Бирок, мен жамандаган мааниде эмес, кеңеш сурайын деп жазып атам. Менин көйгөйүм төмөндөгүчө болуп атат. Эки жакта эки коңшум бар, алар бир-туугандар, мен ортодомун. Келин болуп келгениме 6 жыл болду. Ушул 6 жылдан бери кошунамдын оңбогон жоруктарын, жалган жалаасын уга берип мээм калбады. Менин жашаган үйүм жер аянтым чынында өтө чоң, раматылык кайненем алган экен, ал эми эки коншумдун жерлери тар. Ошол себептен, биздин үй-бүлөөнү жемелеп, каргап-шилегенин коюшпады.

Башында жакшы сүйлөшчүбүз, кийин биз бутка туруп, үйлөрүбүздү оңдоп-түзөп кеттик, өзүбүз жаш үй-бүлөөбүз. Ошондон кийин баары өзгөрдү. Коншуларым түп-тамыры менен башка адамдарга айланышты. Жөн жерден эле уруш чыгармай, “эшик шыпырба чаңып атат. Чөп өртөбө түтөп атат, таштандынын иси келип жатат, анын айынан ооруп калдым” деген сөздү таап уруш чыгара беришет. Экөө эки жагымда эже-сиңдилер, көпкө чейин сүйлөбөй, көңүл бурбай жүрдүк.

Бирок, акыркы 2 жылда нерв көтөрбөй калыптыр, мен да анча-мынча сөз кайрып жүрдүм. Унчукпай эле өз оокатымды кыла берейин деп жүргөм, бирок, ар-кимге ар нерсе деп ушактаганы жаныма батты. Акыры сабырым дагы түгөнөт экен. Сөздөн сөз чыгып, катуу айтышып дагы кеттим. Ага бир айдай убакыт болуп калды. Ошондо каттуу каргап шилеп калган болчу. Андан кийин басылып калды.

Бүгүн кайра баштаптыр. Эми «челегимди уурдапсынар» , «тоогумду союп жеп койдуңар» деп орозонун улуу күнүндө куру дооматка коюп, «арам өлүп калбадыңар», «үйүңөргө балээ келип өлсөңөр экен» деген сыяктуу сөздөрн көп айтты. Унчукпадым, суйлөбөй койдум. Сүйлөп түшүндүргөнгө аракет кылгам, болбоду. Балдары аябай жакшы, жеңе деп сыйлап турушат. Апасын урушушат, эч ким менен урушпаңыз деп. Аларды деле укпайт. Алар азыр чет жерде. Мен жөндөн жөн эле каргышка калганым туурабы? Бир да жамандык кылган эмесмин, кылбаймын дагы, орозодо ушундай каргыш угуп атам, ушул кантип болсун? Коңшумду кантип тыйсам болот? Мен сизге эмне кылдым десем, жооп бере албайт. Жакшы коңшу болойлу десем да көнбөйт. Эмне кылышты деле билбей калдым…