Акыркы убактарда шайлоо жакындаган сайын саясий топтор бириге калышып, элге күйүмүш болуп жакындап өз позицияларын коргоп, саясий буйрутмаларды аткарып жаткан күчтөр пайда болду. Алардын арасында бийликти сындап, мурунку иштеген аткаминерлердин жеп, ичкенин жарыялап келе жаткан «Чоң Казат» кыймылы дагы бар. Бул топто кимдер бар? Баягы эле эски жүздөр, мурун бийликте иштеп кеткендер, элге төбөсү көрүнүп калгандар УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов, Экс-прукурор Сыймык Жапыкеев, Конституциялык палатанын экс-мүчөсү Канат Хасанов, «Деньги и власть» гезитинин башкы редактору Турат Акимов жана башкалардын аты аталып жүрөт.

Алар Чоң Казат кыймылын, партиясын түптөп байма-бай бийликти сындап, курулай лозингдар менен өздөрүнө аудитория чогулутуп, таасирдүү сайсий күч топтоо менен убара. Алардын эң чоң катачылыгы даяр лозунгундары деп айтар элем. Ошол эле Кытайдын 4 миллиард доллар карызын жабыш үчүн олигархтардын дүйнөсүн алып төгүш керек дейт. Эмне үчүн 4 миллиард доллар карызга батырган Атамбаевдин ийне жибине чейин конфискациялаш керек дебейт. Мындай лозунгду 10 жылдан бери айтпаган киши калган жок. Алар революция болсо, ак үйгө, көк үйгө барбайбыз. Түз эле барып, байлардын байлыктарын басып алабыз деп жатышат. Алар дагы бийликте турганда мамлекеттин байлыгына кол салбай, ак иштеди деп кантип кепилдик бере алат? Бийликте отургандардын арасында ак эмгеги менен байыганы да, кызматынан кыянаттык менен пайдаланып тоногону да бар. Алардын ар бирине соттун чечими чыкмайынча кур кыйкырык, доомат, жалган жалаа жабуу Кудайга дагы жакпаган иш.

Мындай лозунгдарды айтып коюш элдин баарынан колунан келет. Элдин аң сезимин өзгөртүүгө, мамлекеттин өсүп өнүгүшүнө жаңычылдык алып келе турган кыпындай кыймылдын эч нерсеси жок. Идеалар жок, мамлекеттин ушундай оор абалда алып чыга турган платформасы, пландары көрүнбөйт. Элге азыр жаңы ачылыш керек. Өзгөчө идеалар анын иш жүзүнө релдуу ишке ашып кете турган ишеним керек. Чоң казатчылар ал ишенимди кайтарууга бүгүн жарк этип соцтармакка жылдыз болуп чыга калып, шайлоодон өтүп алышкандан кийин балык ооз болуп калган аткаминерлердин жолун жолдоп калбайбы?

Чоңказаттагылардын дагы бир баса белгилеп кетүүчү нерсе кайсы акчага өтө кымбат офисти ижарага алып, өздөрүн пиарлап жатышканы жашыруун деле эмес. Кайсы каражатка карантин учурунда элге жардам таратты? Булардын ар бир кыймылы кайсы миллионердин чөнтөгү шылынып жаткандыр. Албетте мындай кыймылдын түзүлүшүнө кызыктар тараптар көп. Алар шайлоого жакындаган сайын эмне деген амалдарды, убадаларды, миллиондогон акчаларды жумшап кийин элдин добушун алып, упай топтогондон кийин ал акчаларды өндүрүп алган партияларды, фактыларды көрүп эле жүрөбүз. Бул топ дагы ошолордун жолуна түшөт деп азыр эч бир адам так айта албай жана өздөрү дагы кепилдик бере албайт. Азыр лозунг, кур кыйкырык, жалган жалаа эмес идеалардын, жаңы ой жүгүртүү, мамлекетти, элди туңгуюктан кантип чыгаруу керек деген кагылышуунун үстүндө ойлорун ортого салып, аны иш жүзүнө ашыруу керек. Элдин саясатчыларга, жаңы жүздөргө болгон ишенимин кайра кайтарып алуу керек…

Булак: Кадам медиа