Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, КР ӨКМнин Баткен облустук  башкармалыгы тарабынан өткөн сутка ичиндеги дезинфекциялоо иштери боюнча маалыматы.

2020-жылдын 17-май күнү Баткен облусунун аймагында 2333 м2 имараттын ичи, 10 272 имараттын сырты жана 8000 погондук автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы  22 литр суюк хлор  колдонулган.  

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, даарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.