Көп жылдан бери сулуулук салонунда иштеп, көптөгөн айымдар менен кезигип, алардын ар кандай тагдырына күбө болом. Бир жолу жашы 45 тен ашып калган эже келди. Аябай өзүн карап, кооз кийинип, тыкан жүргөнү көрүнүп турат. Чачын боёп берүүмдү суранды. Сөздөн сөз чыгып отуруп эже мага башынан өткөн окуяны айтып берди. Турмушка жаш чыгып, тиричилик менен алышып, балалуу болуп өзүмө көп көңүл бөлбөй калдым. Жоолугум кыйшайып, тер жыттанып казандан бери болбойм. Окшош күндөр өтөт. Жолдошум темир алып иштечү. Анын иши жүрүшүп, жашообуз оңолуп баштады. Анын түнү күнү иштегенин көрүп, жардам болсун деп үй оокатын өз мойнума алдым. Ал жалаң ошол темир терсек менен болуп калды. Үйдө балдар, сыртта малдар, дейт эже күлүп. Эми абалымды элестетип көр деп коёт. Ии деп анан деп улам сурап коём.

Ошентип жүрүп өзүмө карабай калдым. Балдар чоңоюп студент болду. А жолдошум, коңшу айылдан темир терсек чогултам деп жүрүп жаш өзүн караган келин менен жүрүп кетиптир. Аны мен бир топтон кийин уктум. Эркектер мышыкка окшош, жылуу жер тапса жатып калат деп таенем көп айтчу эле. Мен терикпедим, ага каршы ар кандай ойлор келди.

Бир күнү күзгүгө барып отуруп, өзүмө карап, ойлосом күзгүгө деле карабай калыпмын. Ошол жерден өзүмө өзүм боорум ачып, ачуу ыйлап алдым да. Сиңдимди ээрчитип шаардагы эң жакшы салонго алып бар дедим. Базарга түшүп кийим алдым. Однокласснигиме кооз көйнөк, жаңы чач жасалга, шакек сөйкө тагынып сүрөткө түшүп коё баштадым. Сумка , телофон бүт алдым. Атырдан алдым жыты буркурайт. Анан бир күнү жолдошум келип шок болду. Сен башканы таптыңбы дейт. Мен сен белем, көрүнгөн менен кете бергидей дедим. Кечирим сурап жалдырады. Тиги ойношуна барбай да калды. Ошондон кийин такай өзүмдү карай турган болдум. Жаштарга айтат элем, айрыкча балалуу болгондо эле айымдар жүдөй түшөбүз. Эч качан өзүңөрдү алдырбагыла. Ар убак жолдошуңардын көзүнө жакшы көрүнүп турсаңар ал башкага кетпейт дейт эже.