Бүгүн, 18-майда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев айт майрамында союш сойом деген жарандарга кайрылуу жолдоп, элге ушундай оор абалда жардам берүүгө чакырды.

«Айт майрамына карата айып пул деле төлөйм, бирок, жылкы соем» деген жарандарга кайрылабыз. Бул мартаба, же байлыкты көрсөтчү учур эмес, калктын саламаттыгы баарынан маанилүү. Андан көрө ошол сойгон малдын этин муктаж үй-бүлөлөргө жардам катарында таратып берсеңиз, сообу чоң болот»,-деди ал.

Муну менен катар Узарбек Жылкыбаев мектептерде жыл сайын өтүп келген жолугушуулар тууралуу айтып, бул жылы өтпөй турганын айтты.

«20,10 жылдыктар, 30-майдан кийин деле өткөрбөйт. Анткени, карантиндик талаптарга каршы келет. Ашыкча чыгым кылып, сый чайларды уюштурбаныздар. Мисалы, Өзгөн районунда Жазы айылында 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү айылга жол салууга салым кошот экен. Бул жакшы демилге. Өткөн жылы Кара- Кулжа районунда маараке ээлери 2 муктаж үй-бүлөлөргө үй куруп беришкен«,-деди ал.