Үрөй учурган окуя Ташкент шаарында 7- майда катталган. Маалым болгондой 8- май күнү 31- жаштагы Равшандын жакындары бир сутка мурун үйдөн чыгып кайра келбегенин айтып милиция бөлүмүнө кайрылган.

Иликтөөлөрдүн натыйжасында Равшан Жамалидин деген таанышына автоунаа салмак, ал эми акчасын эки айда берем деп макулдашылган. Бирок, ал эки ай күтпөй унаасын алып алган. Ага ызырынып жүргөн Жамалидин өч алуу иретинде үйүнө чакырып, колу бутун таңып акча талап кылган. Равшан аялына чалып ортомчуга акча берүүнү айтат.

Андан соң Жамалидинге кайрылып, тийиштүү органдарга айтаарын билдирет. Ошол кезде кармалып калуудан корккон Жамалидин Равшанды уруп өлтүрүп алат, эч ким билбесин деп, башын, колдорун, буттарын кесип, көчөгө көмүп салган. Учурда бул окуя боюнча адам өлтүрүү беренеси боюнча иш козголгон.