Казакстанда кыргызстандык телекөрүүчүлөр үчүн жаңы форматтагы “Atameken Business” деген аталышта телеканал иштей баштайт. Бул тууралуу телеканалдын расмий сайтында жазылат.

Маалыматка ылайык, телеканалдын башкы кеңсеси Нур-Султан шаарында жайгашкан. Анда эки мамлекеттин бизнес чөйрөсүндөгү жүрүп жаткан алгылыктуу иштери жана тажрыбай алмашуусу, жаңылыктары баяндалат. Аналитикалык обзордуу көрсөтүүлөргө орун берилет.

Жакынкы күндөрү Бишкекте телеканалдын кеңсеси ачылып, кыргызстандык журналисттер иштей баштайт. Коңшу Өзбекстан жана Тажикстанда дагы ишин улантуу пландары бар.

Эскерте кетсек, аталган телеканалды азырынча кыргызстандык көрүүчүлөр “АКНЕТ” аркылуу көрө алышат.