Учурдагы кырдаалды эске алуу менене Ысык-Көл облусуна кирген жарандар өздүгүн аныктаган документ менен көл аймагына кире алышат. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев бүгүн, 18-майда билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусуна Балыкчы шаарындагы Ак-Кеме санитардык-карантиндик пост аркылуу гана кирүүгө болот.

«Кирүү учурунда паспортту көрсөтүү талап кылынат. Балыкчы шаарындагы постто облустук оорукананын лабораториясы орнотулган, кирип бара жаткандардан симптомдор табылган учурда экспресс-анализдер алынат. Текшерүүнүн алгоритмине ылайык, КР ССМнин бардык сунуштамалары сакталат. Ал эми облустан райондук администрациялардан жана шаарлардын мэрияларынан алынган өткөрмө кагаздарын көрсөтүп, Кызыл Омпол посту аркылуу чыгышат. Аймактан-аймакка кирүүгө тыюу салынган, ошондуктан зарылчылык болбосо, үйдө болууңуздарды суранам”, — деп Акылбек Осмоналиев.