Өзгөчө абал жана Өзгөчө кырдаал киргизилген убакта өлкө боюнча үй карантинде 123 000 адам болгон, бүгүнкү күндө алар 28 592 адамды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Ички иштер министринин орун басары Каниметов Мирлан билдирди.

Анын айтымында, карантин маалында жарандарды даарыгерлердин талаптарын так сактоого чакырды.

«Карантин маалында 65 жаран КР Бузуулар, жоруктар жана кылмыш-жаза кодексине ылайык, карантиндик режимдин талаптарынын алкагында жоопкерчиликке тартылган. 36 жаранга айып салынып, калган учурлар боюнча жаза сот тартибинде каралат, анда 30 миңден 60 миң сомго чейин же андан ашык айып түрүндө жаза, ошондой эле 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бардык жарандарды ССМнин карантин боюнча көрсөтүлгөн талаптарын бекем сактоого чакырабыз», — деп билдирди КР Ички иштер министринин орун басары Каниметов Мирлан.