Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы базар жана соода маркеттердеги санитардык абалды өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов, мэр Мураталы Тагаев текшерүүгө алды.

Буга чейинки рейддердин натыйжасында шаардын так ортосунда жайгашкан борбордук базарда эрежелер салыштырмалуу сакталып жатканы белгилүү болду. Ал эми калган базарларда талаптарды аткарууга көзөмөл күчөтүлүшү белгиленди.

Түзүлгөн топ Фрунзе гипермаркетинде айрым кызматкерлер беткап жана колкапсыз кардарларды тейлеп жаткандыгына күбө болушту. Бул кетирилген кемчиликтерге ылайык, шаардык санитардык көзөмөлдөө кызматы тарабынан административдик айып пул салынмай болду.

Жалал-Абад шаарында жалпы 11 базар болсо, азыркы күндө алардын 9у иш алып барууда. Мында басымдуу азык-түлүк, курулуш материалдарын жана автоунаа тетиктерин сатуучу жана оңдоочу жайлар бар. Ал эми калаада 20га жакын соода маркеттери да иш алып барып келет.