Бельгияда коронавирус менен күрөшүп, кооптуу жумушта иштеп жаткан медицина кызматкерлери акыркы эки айда айлыктары көтөрүлбөй, сый акы берилбей жатканына нааразычылыгын билдирип, премьер-министрге «уят коридорун» уюштурушту.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Белгилүү болгондой, каршылык акциясына 100 дарыгер жана медайымдар катышкан. Медицина кызматкерлери жолдун эки тарабына тизилип, премьер-министр Софи Уилместин кортежи келгенде баары кезеги менен артын салып туруп алышкан. Кийинчерээк премьер-министр Софи Уилмес Сен-Пьер ооруканасына барган жолугушуусу тууралуу Твиттердеги баракчасына жазып чыккан.

«Бул мага жана медицина кызматкерлери үчүн маанилүү диалог болду. Биз алардын ден соолугу, күчөтүлгөн режимде иштеп жаткандыгы, саламаттыкты сактоону каржылоо жана айлыктарын көтөрүү тууралуу баарлаштык», — деп жазган премьер-министр.