Россияда акыркы суткада 91 адам коронавирустан көз жумуп, жалпы каза болгондордун саны 2722ге жетти. Бүгүнкү күнгө карата Коронавирусту көзөмөлдөө борбору күнүнө 8926 жаңы инфекция жуктургандыгын билдирди.

Жалпысынан өлкөдө 290 678 коронавирус жуккандыгы аныкталып, алардын 70 миңден ашыгы айыгып кеткен.

Роспотребнадзордун маалыматы боюнча, бүткүл мезгил ичинде 7,1 миллион лабораториялык текшерүүлөр жүргүзүлгөн.