Үстүбүздөгү жылдын 18-мартынан тарта COVID-19 инфекциясынын тыштан келген 351 учуру аныкталган. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тараткан маалыматында айтылат.

Алардын арасында Соль-Илецктен келгендердин арасында коронавирусту жуктурган 101 адам катталган, анын ичинде 43ү бүгүн аныкталды.

«Айрым жарандар обсервацияга келген күндөн баштап медицина кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүүдө. Алар башка адамдардын саламаттыгына коркунуч жаратып, жарандардын тынчын алып, тартип бузушууда. Кайталоо анализи инфекциянын жок экендигин көрсөткөндө гана жарандар обсервациядан чыга аларын белгилей кетким келет! Жарандарыбыз кандай оорчулуктарга туш болгонун түшүнүп турабыз. Алар алыстан мекенине кайтып келүүнү көпкө күтүшкөн, бирок биз үчүн эң башкысы – инфекциясынын көзөмөлсүз жайылышына жол бербөө болуп саналат. Иш-аракеттердин иштелип чыккан алгоритминин эч бузбастан, алардын кынтыксыз аткарылышын камсыздоо зарыл. Вирустун жок экендиги аныкталганда гана үй карантинин сактоо үчүн аларды жашаган жерлерине жеткирүү уюштурулат»,-деп айтылат өкмөт башчынын билдирүүсундө.