Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев обсервациялык жайларга убактылуу жайгаштырылган жарандарга кайрылды. Бул тууралуу 18-майда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Премьер-министрдин айтымында, Өкмөт мекендештерди өлкөгө алып келүүнү уюштуруу жана мекенге кайтканга чейин барган өлкөсүндө убактылуу туруу шарттарын түзүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатат.

«Бул баарынан биринчи Россия Федерациясында жүргөн биздин жарандарга тийиштүү.  Мекендештерди этап-этабы менен алып келүүнү уюштуруу менен катар эле, алар үчүн обсервациялык жайлар оңдолуп жана бардык зарыл шарттар түзүлүп даярдалган.  Жакшы шарттар түзүлгөн – инфекциянын жугушун алдын алуу боюнча бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталган эки кишилик бөлмөлөр уюштурулган. Медицина жана милиция кызматкерлери, куткаруучулар өз өмүрүн тобокелге салып, жарандардын ден соолугун коргоо жана сактоо үчүн күн-түн дебей иштеп жатат. Алар эң жакын адамдарынан обочолонуп, үй-бүлөсүн көптөн бери көрбөй иштеп жүрүшөт», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал өзгөчө белгилегендей, миллиондогон жарандар кирешесинен айрылып, чыгымдарга дуушар болуу менен карантиндик шарттарда жашоону улантышууда.

Өкмөт башчы компетенттүү органдарга түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, ошондой эле обсервацияларда тартипти сактоо жана медицина кызматкерлеринин иштөөсүнө шарттарды түзүү боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.