Кыргыздын айыл чарбасы боюнча көрүнүктүү илимпоздорунун бири, академик, таланттуу обончу Жамин Акималиев өткөн кылымдын 90-жылдарында кадимки “легендарлуу парламенттин” депутаты болгон. Ошондо пенсиясына 45 000 сом чектелген экен.

Өзү өмүрүн арнаган айыл чарбасынын өгүз өлбө-араба сынба болгон ал кездеги абалын, караламан калкынын катуу кыйналып жатканын эң сонун билген академик, ушундай учурда мен муну уялбай кантип алам, андан көрө ушул 45 миң сом, элдин керегине жарасын деп, пенсиясынан баш тарткан. Андан бери чейрек кылымдын ичинде ошол албай калган пенсиясы 12 миллион сом болгон экен.

Бул туурасында фейсбук баракчасына илимпоз академикти билген жакын тааныштары жазып чыгышты. “Азыр пейлим ток, уятым кыйнабайт” дептир, кыргыздын патриоту, академик Жамин Акималиев.