Без рубрикиКоом

Бажы кызматы аткезчилик жол менен ташылып келинген товарды кармады

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери жалпы наркы эки
миллион сомго чукул аткезчилик жол менен ташылып келинген товарларды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Бажы кызматы тараткан маалыматта айтылат.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын
мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча
жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын
кызматкерлери Баткен областына караштуу Кадамжай районунун Марказ
айылында “А.Ш.Б.”, аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын
башкаруусундагы “Мерседес-Бенс 1840 LS 4x” үлгүсүндөгү таранспорт
каражаты чиркегичи менен токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген
учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып
келе жаткан жалпы 14000 кг, кургатылган жемиштер жана “Мерседес-Бенс
С200” үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Кармалган товардын орточо базар
баасы 1900000 сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине
катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча ОШ областык
прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button