Оренбург облусунда топтолгон өзбекстандыктарды Казакстан аркылуу мекенине алып өтүүгө бир жолку уруксат берилди. Бул тууралуу Kun.uz басылмасына Өзбекстандын Татарстан аймагындагы башкы консулу Фариддин Насриев билдирди.

Анын айтымында, казак жана орус тарап менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин гана жарандарды алып өтүүгө уруксат берилген.

«Бул эртең башкалары келсе, аларды да алып өтөбүз деген кеп эмес. Өзбекстанга кайтууну каалаган башка жарандардан жашаган жерлеринде калып турууну өтүнөбүз», — деген Насриев.

Белгилүү болгондой, Оренбург менен Казакстандын чек арасына жакын жайгашкан «Маштаково» көзөмөл өткөрмө бекетинде жүздөгөн өзбекстандыктар топтолуп калганы өткөн жумада маалым болгон. Алар Казакстан өкмөтүнөн Өзбекстанга өтүүгө жол ачып берүүнү суранып жатышкан.