Айылда чоңойуп өскөн ишкер айым 15 үй-бүлөгө жардам берди

594

Лейлек районунун Кулунду айылына атын атагысы келбеген, айылда чоңоюп өскөн, ишкер айым аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берген. Бул тууралуу Бел-Алма орто мектебинин директору Улукбеков Жоробек Салямович биздин редакцияга билдирди.

Орозо айында, аз камсыз болгон 15 үй бүлөгө, 50 кг ун, 5 кгдан кум шекер, макарон, күрүч, конфет, печенье, чай , түз жана эт алгыла деп 2000 сомдон акча берген.

“Пандемиядан улам өлкөдө кайрымдуулук жасап, муктаж болгондорго жардам колун сунган жарандардын көп экендиги кубандырат”, – деп кошумчалады мектеп директору.