Өткөн жылы Кыргызстанда 395 экстремисттик сайтка бөгөт коюлганын башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинде отчет берип жатып билдирди.

Жамшитов сайттар Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир», «Талибан» жана «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмдарынын материалдарына байланыштуу, экстремизм жана террорчулуктун алдын алуу максатында жабылганын кошумчалады.

Бүгүн, 18- майда Жамшитов 2019-жылда аткарылган иштер, ачылган кылмыш иштер тууралуу маалымат берүүдө. Анын айтымында, өткөн жылы 163 549 арыз катталган, анын 87 374ү кылмыш, 76 175и жорук болуп саналат. 2018-жылы 29 718 кылмыш иши катталган