Адамзатынын тарыхындагы Жон Рокфеллер аттуу легендарлуу миллиардер адамды байлыктын жана бакубатчылыктын символу деп атап келишет.

Эмесе, кеп башынан болсун. Жон 1839-жылдын 8-июлунда жарык дүйнөгө келген жана анын балалыгы баптистерге таандык, динге өтө берилген протестанттык үй-бүлөдө өткөн. Уламыштар боюнча Жон бала кезинен эле алып сатарлык менен шугулданган. Мисалы, ал өз чөнтөгүндөгү акчага момпосуйларды сатып алып, аны өз эже-карындаштарына сата турган. Ал эми 13 жашында Рокфеллер 50 доллар чогултуп, аны жылдык үстөгү 7,5% менен тааныш фермерге насыяга берген.

Мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин болочок миллардер бухгалтердик курстарга жазылган. Кийин ага «Hewwit and Tuttle» соода компаниясына бухгалтердин жардамчысы болуу сунушу келип түшкөн.

Жаш бухгалтердин карьерасы өтө тездик менен өскөн. Ал өзүнүн тубаса бухгалтердик таланттарынын аркасында бат эле оозго алынган. Бирок, буга Рокфеллер канааттанган эмес. Ошол себептүү ал Жарандык согуш башталгыча эле англиялык ишкер Морис Кларк менен чөп, эт, буудай жана башка биринчи зарылдыктагы товарларды сатуу боюнча «Кларк жана Рочестер» деп аталган компанияны негиздеген. Согуштан кийин башка нерсе сатуу тууралуу ойлонушкан жана акыр аягы мунай сатууга токтолушкан.

Ошентип, анын мунай сатуу менен байланышкан ишмердүүлүгү ага болуп көрбөгөндөй пайда алып келе баштаган. Ал тургай ага таандык «Кларк жана Рочестер» компаниясы мунай рыногунда бирден-бир монополист болуп калган. Кийинчерээк ал Морис Кларктан бөлүнүп кетип «Standard Oil» компаниясын негиздеген. Бирок 1890-жылы кабыл алынган Шерман мыйзамы (монополияга каршы кабыл алынган биринчи мыйзам) Рокфеллердин империясынын кыйроосуна алып келген. Аталган монополияга каршы мыйзам долбоорунда керектөөчүлөрдүн укуктары корголгон жана бардык ири тресттерди бир нече майда бөлүмдөргө бөлүү сунушталган. Ошентип Рокфеллерге таандык «Standard Oil» компаниясы бир нечеге бөлүнүп кеткен.

Ошентсе да, Жон Рокфеллердин топтогон капиталы өтө ири сумманы түзгөн. Берти Форбс 1918-жылы эң эле бай делген отуз америкалык жарандын тизмесин түзүүдө магнатты биринчи орунга койгон жана материалдык байлыгы 1,2 млрд. доллар деп бааланган.

Рокфеллерлердин үй-бүлөсү дүйнө жүзүндөгү эң бай үй-бүлөлөрдүн катарына кирет. Анын укум-тукуму өзүнчө баяндоого татыктуу. Мисалы, Рокфеллердин жападан жалгыз уулу кенже Жон тууралуу айта турган болсок, Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасынын жана Эмпайр-стейт-билдинг имаратынын (небоскрёб) курулушу дал ушул небересинин каржылоосу менен курулуп калгандыгын, ал эми дагы бир небереси Нельсон Рокфеллер Нью-Йоркто губернатор, ал түгүш АКШнын вице-президенти болгондугун элдин бары эле биле бербесе керек.