Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Баткен шаарындагы  көп балалуу энелерди, өлкө башчысынын  «Баатыр эне» ордени  жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйлады.   

Ыйгарым укуктуу өкүл энелерди майрамдары менен куттуктап, сак саламаттык, бакубат жашоо каалап, белектерин да тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин көп балалуу энелерди сыйлоо жөнүндөгу жарлыгына ылайык, Баткен облусунан 63 энеге  «Баатыр эне» ордени, 56 энеге  «Эне даңкы» медалы тапшырылууда. 

КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы