Алайдагы Памирлик кыргыздарга жардам көрсөтүлдү

330

Кечээ, 17-май күнү Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухарий-Алай» мечитинин имамы Мырза кары Осмонов Алай районунун Сары-Могол айылында жашаган памирлик кыргыздарга кайрымдуулук жардамын көрсөттү.

Анда Сары-Могол айылындагы памирлик 51 тургунга жана жергиликтүү 40 үй-бүлөгө жардам баштыкчаларын жеринде таратып берди. Буга чейин демөөрчүлөрдүн жардамы менен Ош шаарындагы Түштүк-Чыгыш районунун 150 тургунуна, Керме-Тоодогу 150 адамга, Батыш жана Төлөйкөн районунундагы 150 адамга жардам баштыкчалары таратылып берилген.