Алматы шаарында 25-майдан тартып соода-көңүл ачуучу борборлор, кафе-ресторандар иштей баштайт. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары жазышууда. Ага ылайык, 25-майда 500 чарчы метрден чоң болгон объектилер — мейманкана, коомдук тамактануучу жайлар ишке кирет. Мындан тышкары соода үйлөрү, соода борборлору, соода көңүл ачуучу борборлордун ичинде жайгашкан кийим-кече саткан дүкөндөр, сулуулук салондору, химиялык тазалоо жайлары жана ресторандар ишин жүргүзө баштайт. Мындай соода объектилерине саат 23:00гө чейин иш жүргүзүүгө уруксат берилген. «СПА, фитнес борборлор, көңүл ачуучу жайлар 3-этаптын алкагында ишин баштайт. 3-этап шаардагы эпидемиологиялык абалга карата чечилет. 25-майда коомдук тамактануучу 3100 жай ишин баштайт.

Буларга жайкы кафелер да кирет. Коомдук тамактануучу жайды иштеткендер келген кардарлардын отургандагы жайгашуусуна көңүл бурушу керек, ар бир столтун аралыгы 2 метрди түзүп, ар биринде төрттөн ашпаган адам отурса болот. Эгер төрттөн көп киши бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болсо чогуу отурууга уруксат берилет. Коомдук тамактануучу жайлар да саат 23:00гө чейин иштей алат.

Азырынча банкет, той жана башка салтанаттуу кечелерди өткөрүүгө, караокелердин иштешине, бильярд жана башка оюн жайларынын иштешине уруксат жок», — деп жазылат шаар акиминин маалыматында. Билдирүүдө айтылгандай, бул күндөн тартып шаардагы 393 мейманкана да ишке кирет. Анда 5 миңден ашык адам иштейт.

Жалпысынан шаар боюнча 84 миң 200 кишини жумуш менен камсыздаган 3631 ишкана ишин баштаганы турат.