Коом

Өлкөдө үч прокурор декреттик өргүүгө чыккан

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокурор маалымат берди. Анда депутат Урматбек Самаев 2019-жылы канча эркек прокурор кызматкери декреттик өргүүгө чыкканын сурады. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов эркектердин декреттик өргүүгө чыгышына мыйзамда жол бериле турганын эскертти. «Ошон үчүн алар декреттик өргүүгө чыгып жатышат. Аялы төрөп, иштегендиктен баласын карайм деп декреттик өргүүгө чыгышууда. Биз буга тыюу сала албайт экенбиз», — деди Жамшитов. Депутат: «Ооба, мыйзам жол берет, бирок декреттик өргүүнү эң көп колдонгондор прокуратурада болуп жатат», — дейт. «Бизде деле көп эмес. 2019-жылы 3 эркек прокурор декреттик өргүүгө чыкты», — деди Жамшитов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button