Францияда акыркы 30 жыл аралыгында 6 эм төрөлдү

1082

Францияда акыркы 30 жыл аралыгында 6 эм төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Белгилүү болгондой, Франциянын Страсбург шаарында 6 эм (5 кыз, 1 уул) төрөлгөн. Алар 25 апталыгында операция жолу менен төрөлгөн. Ымыркайлардын салмагы 630 граммдан 730 граммга чейин болгон. 6 эмди аман-эсен жарыкка алып келүү үчүн 30 адистен турган команда иштеген. Ымыркайлар дароо неонаталдык жандандыруу бөлүмүнө жаткырылышкан. Алар ооруканада бир нече ай болору айтылат. 6 эмдин төрөлүүсү – сейрек кездешкен көрүнүш. Буга чейин Францияда 30 жыл мурун мындай учур катталганы маалымдалат.